Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Экс-премьер-министр Игорь Чудинов УКМКга суракка кирди


Игорь Чудинов. 2009-жыл.
Игорь Чудинов. 2009-жыл.

Мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) сурак берип жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" ишенимдүү булактар кабарлады.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кендин айланасындагы иликтөөнүн алкагында бир нече киши камакка алынарын эскерткен эле.

УКМК бүгүн, 31-майда "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысына байланыштуу мурдагы жогорку кызматтагы адамдар кармалганын кабарлаган. Атайын кызмат азырынча мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камалганын расмий бышыктады.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров да УКМКда сурак берип жатканы белгилүү болду. Эки депутат кайсы ишке байланыштуу суралып жатканы азырынча беймаалым.

Өткөн аптада Кумтөргө байланыштуу мурдагы экс-премьер министр Темир Сариев УКМКга сурак берген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG