Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:15

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров УКМКда сурак берип жатат


Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров
Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) сурак берип жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" ишенимдүү булактардан белгилүү болду. УКМКнын басма сөз кызматы бул кабарды азырынча ырастай элек.

Эки депутат кайсы иштен улам сурак берип жатканы белгисиз. Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.

УКМК бүгүн, 31-майда "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысына байланыштуу мурдагы жогорку кызматтагы адамдар кармалганын кабарлаган. Атайын кызмат азырынча мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камалганын расмий бышыктады.

Өткөн аптада Кумтөргө байланыштуу мурдагы экс-премьер министр Темир Сариев УКМКга сурак берип чыккан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG