Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Кытайда үч балалуу болгонго уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайда үч балалуу болгонго уруксат берилди. Мындай чечимди бийлик эл каттоонун жыйынтыгы калк тез карып баратканын көрсөткөндөн кийин кабыл алды.

"Синхуа" мамлекеттик агенттиги билдиргендей, бул чечим 31-майда өлкө лидери Си Цзинпиндин төрагалыгы алдында өткөн Саясий бюронун жыйынында жактырылды. Ал качан күчүнө кирери азырынча белгисиз.

Дээрлик 40 жылга чукул Кытай "бир үй-бүлөгө бир бала" деген саясат жүргүзүп, аны 2016-жылы жокко чыгарган. Буга жумушчу күчтүн карып баратканы жана экономикалык стагнациялар боюнча тынчсыздануулар күч алганы түрткү болгон.

Анткен менен Кытайда балдардын төрөлүшү кыскарып барат. Былтыр 12 миллион гана ымыркай жарык дүйнөгө келген. Бул эң төмөнкү көрсөткүч экенин өткөн айда Улуттук статистика боюнча бюро билдирген.

Бир ай мурда жарыяланган эл каттоонун жыйынтыгы да Кытайдын калкы 1960-жылдардан бери өтө жай ыргакта көбөйүп жатканын көрсөткөн. Учурда Кытайдын калкы 1,4 миллиард киши жана дүйнөдө биринчи орунда турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG