Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Экс-депутат Сергей Ибрагимов мамлекетке 100 миллион сом төктү


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин 4-чакырылышында "Ак жол фракциясынан депутат болгон ишкер Сергей Ибрагимовдун бизнесине байланыштуу мыйзам бузууларды иликтеп бүттү. Атайын кызмат аудиттин жүрүшүндө эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөнү тууралуу дооматтар ырасталбаганын билдирди. Бирок экс-депутат өз эрки менен мамлекеттик бюджетти колдоо максатында 100 миллион сом которуп берди.

Бул тууралуу 31-майда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Сергей Ибрагимов 2007-2010-жылдары парламенттин депутаты болгон. "Тазабек" порталындагы маалыматка ылайык, ал 2017-жылы Кыргызстандагы эң бай 100 адамдын тизмесинде тогузунчу орунда турган. Ибрагимов “Бакай” банкынын директорлор кеңешинин төрагасы.

Ага караштуу компаниялар тобу 2008-жылдан тартып “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” кант заводдоруна ээлик кылганы, аларга Кыргызстанга Беларустан ири өлчөмдө кумшекер ташып келүү укугу берилгени айтылып келет.

Убагында кумшекер бизнесинен түшкөн кирешенин отуз пайыз үлүшүнө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим ээлик кылган. Бул маалымат аталган эки компанияны улутташтыруу учурунда аныкталган.

Убактылуу өкмөт улутташтырган эки заводдун бир бөлүгүн 2010-жылдан кийин кайра мурдагы кожоюндары сатып алганы тууралуу маалыматтар чыккан.

2011-жылы Ибрагимовго караштуу компаниялар тобу “Беларус канты" компаниясы менен рыноктун кайсы бир бөлүгүн колдон чыгарбай кармап калууга жетишкени айтылган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG