Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Стивен Сигал Орусиядагы бийликчил партияга мүчө болду


Орус жарандыгын алган голливуд актеру Стивен Сигал. Москва. 22-сентябрь, 2015-жыл.
Орус жарандыгын алган голливуд актеру Стивен Сигал. Москва. 22-сентябрь, 2015-жыл.

Орус жарандыгын алган Голливуддун актеру Стивен Сигал кремлчил саясий партияга мүчө болду. «Адилеттүү Орусия» партиясы Кремлдин жана президент Владимир Путиндин бардык демилгелерин колдоп, бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын негизги атаандашы катары саналат.

29-майда өткөн иш-чарада Сигал партиянын лидерлеринин бири, орусиялык жазуучу Захар Прилепин менен сүрөткө түшкөн. Анын ысымы ар дайым Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөргө каршы күрөшүп келген орусиячыл жикчилер менен байланышта болуп келет.

Путин менен жеке байланышы бар Сигал орус жарандыгына 2016-жылы ээ болгон.

66 жаштагы Сигал бир катар тасмаларга тартылган. Сигалды 2018-жылы Орусиянын Тышкы иштер министрлиги маданий байланыштар боюнча АКШдагы атайын чабармандыкка дайындаган. Актер Американын да жарандыгын сактап калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG