Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:17

Вьетнамда коронавирустун жаңы түрү пайда болду


Пандемия маалында төрөлгөй ымыркай. Ханой.
Пандемия маалында төрөлгөй ымыркай. Ханой.

Вьетнамдын саламаттык сактоо министри Нгуен Тхань Лонг билдиргендей, коронавирустун жаңы түрү Индия менен Британияда пайда болгон штаммдардын аралашмасын түзөт.

Лонгдун айтымында, Вьетнам жакында жугуштуу деп эсептелип жаткан жаңы штамм тууралуу бардык маалыматтарды жарыялай турганын билдирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирустун бул түрү боюнча комментарий бере элек.

Ал арада Бразилияда миңдеген адамдар президент Жаир Болсонаруга каршы нааразылык акцияга чыгышты. Алар мамлекет башчыны пандемиядагы шалтурук аракеттери үчүн сынга алышууда.

Бразилияда коронавирус 461 миңден көп адамдын өмүрүн алды. Бул дүйнөдөгү АКШдан кийинки эле эң жогорку көрсөткүч. Вакцинация өлкөдө өтө жай жүрүп жатат.

Ашынган оңчул Болсонару пандемиянын башында коронавирустун кооптуулугуна маани бербей, беткап тагынуудан баш тартып, вакцинадан күмөн санаган билдирүүлөрдү жасаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG