Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:44

Казакстанда «Феминита» кыймылынын активисттери кармалды


«Феминита» кыймылынын активисттери Жанар Секербаева менен Гүлзада Сержан. Нур-Султан. 17-май, 2017-жыл.
«Феминита» кыймылынын активисттери Жанар Секербаева менен Гүлзада Сержан. Нур-Султан. 17-май, 2017-жыл.

Казакстандын Чымкент шаарында «Феминита» кыймылынын активисттери Жанар Секербаева менен Гүлзада Сержан кармалды.

Аларга каршы «Бийликтин өкүлдөрүнө акарат келтирди» деген берене менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу укук коргоочу Татьяна Чернобиль билдирди.

Активисттер 29-майда калаадагы мейманканалардын биринде жергиликтүү жашоочулар менен ЛГБТ аялдардын укуктары тууралуу жолугушуу өткөрүшмөк.

Анткен менен уюштуруучуларды жана катышуучуларды имараттын ичине киргизбей коюшту. Активисттер жакын жердеги кафеге барышканда, ал жакка динчилдер жана полициячылар топтолушту. Алар Гүлзада менен Жанарга кол салышып, бетке-башка койгулашкан.

Жанар аларды көчөгө сүйрөп бараткан маалда полиция кызматкеринин погонун жулуп алган болушу мүмкүн экенин жазды.

Казакстанда «Бийликтин өкүлдөрүнө акарат келтирди» деген берене менен кылмыш ишинин алкагында 20 сутка арест же 537 доллар айып пул каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG