Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Иран-ооган темир жол долбоорунун жанында бомба жарылып, алты адам өлдү


Ооганстандын аскер кызматкерлери Герат-Хаф темир жол линиясын бойлой күзөттө турушат. Архивдик сүрөт.
Ооганстандын аскер кызматкерлери Герат-Хаф темир жол линиясын бойлой күзөттө турушат. Архивдик сүрөт.

Ирандын чыгышын Ооганстандын батыш Герат провинциясы менен байланыштыруу үчүн курулуп жаткан темир жолдун жанында бомба жарылып, Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн алты кызматкери мерт болду.

Герат провинциясынын губернатору Вахид Каталинин айтымында, каза болгондор Горян районундагы темир жол линиясын кайтарып турушкан. Ооган темир жол башкармалыгы 29-майда иран-ооган инфраструктурасы долбооруна кол салуу болгонун ырастады.

225 чакырымга созулган чек ара темир жол курулушу бүтсө, Ирандын Хаф шаары менен Ооганстандын батышындагы Герат шаарын байланыштырат. Бул долбоор Иран Темир жолу жана Ооганстан Темир жол башкармалыгы тарабынан башкарылат.

Мындан тышкары 29-майда кечке жуук Ооганстандын түндүк-чыгыш Каписа провинциясында үлпөт той өтүп жатканда миномет жарылып кеминде жети адам каза болгон. Миномет снаряды провинциянын талаштуу району Тагабда “Талибан” кыймылынын согушкерлери менен Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнүн кагылышуусу учурунда жарылган. Эки тарап тең бири-бирин айыпташты.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG