Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Орусия Беларуска дагы 500 миллион доллар насыя берет


Александр Лукашенко менен Владимир Путин. 28-май, Сочи шаары.
Александр Лукашенко менен Владимир Путин. 28-май, Сочи шаары.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков орусиялык маалымат каражаттарына Москва жакынкы күндөрү Беларуска экинчи транш менен дагы 500 миллион доллар насыя бере турганын билдирди.

Бул тууралуу Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 29-майда Сочи шаарындагы жолугушуусунда айтылды.

Бул насыялык келишимге 2020-жылдын 21-декабрында кол коюлган. 500 миллион доллар насыянын биринчи траншын Беларустун Финансы министрлиги былтыр 30-декабрда алган.

2020-жылдын сентябрь айында Путин Сочиде Лукашенко менен жолугушууда Беларуска 1,5 миллиард доллар мамлекеттик насыя берүүнү убада кылган.

Лукашенко менен Путиндин 29-майда жолугушуусунда "Ryanair" компаниясынын учагына байланышкан окуя тууралуу да сөз болду. Песковдун айтымында Лукашенко орус лидерине бул тууралуу кенен маалымат берди.

Өткөн жекшембиде беларус бийлиги ирландиялык "Ryanair" компаниясына таандык учакты Афиныдан Вильнюска бараткан жеринен Минскиге күчтөп кондуруп, борттогу оппозициялык журналист Роман Протасевичти сүйлөшкөн кызы София Сапега менен бирге камакка алган. Сапега Орусиянын жараны.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG