Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:50

АКШ Беларуска каршы жаңы санкция жарыяламай болду


Жен Псаки.
Жен Псаки.

Кошмо Штаттар Беларуска карата жаңы санкцияларды киргизерин 28-майда Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки билдирди. Анын айтымында, 3-июндан тартып бул өлкөнүн тогуз мамлекеттик ишканасына каршы кайрадан толук санкция киргизилмей болуп жатат.

Ак үй өкүлү АКШ мындай кадамга Беларустун бийлигин жоопкерчиликке чакыруу жана бул өлкөнүн элине тилектештигин көрсөтүү максатында барып жатканын белгиледи.

“Кошмо Штаттар Беларус өкмөтүнүн негизги мүчөлөрүнө каршы адам укуктарын бузуу фактылары, коррупция, 2020-жылдагы шайлоону бурмалоо жана 23-майдагы окуя үчүн даректүү санкцияларды жарыялоо максатында Европа Биримдиги жана башка өнөктөштөрү менен чогуу иш алып барууда”, - деди Жен Псаки.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Батышты “кызыл сызыктан өттү” деп айыптап, “мамлекетке чабуул коюунун ыкмаларын өзгөртүштү” деп айтууда.

23-майда беларус бийлиги ирландиялык учакты Афиныдан Вильнюска бараткан жеринен Минск шаарына күчтөп кондуруп, ичиндеги оппозициячыл журналист Роман Протасевичти камакка алган. Расмий Минск "учакка бомба коюлган" деген маалымат түшкөнүн айткан. Кийин ал калп болуп чыкты. 26 жаштагы Протасевичке “Беларуста жапырт башаламандык уюштурган” деген айып тагылууда. Бул кылмыш үчүн ал 15 жылга чейин соттолушу мүмкүн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG