Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:04

COVID-19: Бир күндө тогуз адам каза болду, 356 бейтаптан аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 29-майдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен тогуз адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын алтоо Бишкекте. Баткен, Чүй, Ысык-Көл облустарында бирден өлүм катталды.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1797 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 356 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (162) жана Чүй облусунда (78).

Өлкөдө оору жуккандардын расмий катталган саны 104 222 адам болду.

Бир күндө 458 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканаларда 1688 адам жатат, дагы 1714 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG