Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:03

Мухаммедкалый Абылгазиевдин бөгөт чарасы узартылды


Мухамедкалый Абылгазиев. 2019-жыл
Мухамедкалый Абылгазиев. 2019-жыл

Төрт айдан бери Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы эки ай абакта болот. Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-майда анын бөгөт чарасын 26-июлга чейин узарткан.

Атайын кызмат мурдагы премьер-министрди "өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөр Голд” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзамды бузуу кол койгон" деп шек санап, 26-январда УКМКнын тергөө абагына киргизген.

УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган, тандалма көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп да шек саналууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 20-апрелде өкмөткө келип, 2020-жылдын июнь айында жыштык чырына байланыштуу кызматтан кеткен. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG