Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:43

Жапаров: Баткенге жакында өзгөчө статус берилет


Садыр Жапаров. Баткен. 28, 2021
Садыр Жапаров. Баткен. 28, 2021

Президент Садыр Жапаров Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушууда жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеште Баткен облусуна өзгөчө статус берүү тууралуу мыйзам долбоору карала турганын билдирди.

“Үч ай мурун Баткен облусуна өзгөчө статус берүү тууралуу тапшырма бергем. Учурда Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору каралып жатат, жакында кабыл алынат, кол коем. Мамлекеттин болгон күчүн Баткенге жумшап жатам. Башка бир дагы районго акча бөлүп бере элекмин. Жакынкы он жылда Баткенди болуп көрбөгөндөй өзгөртөбүз”, - деди президент.

Жергиликтүү тургундар биринчи кезектеги маселелер катары социалдык объектилерди куруу, айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, пенсия менен жөлөк пулдарды төлөө, жумуш орундарын түзүү, жерлерди трансформациялоо жана башка муктаждыктарды белгилешти.

Садыр Жапаров Баткен облусуна эки күндүк иш сапар менен 27-майда барган. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдарда эл менен жолугушту. (МТа)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG