Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Медакадемиянын ректору шайланды


Медакадемиянын имараты.
Медакадемиянын имараты.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору болуп кайрадан Индира Кудайбергенова шайланды. Шайлоо бүгүн 29-майда өтүп, ага катышкан 731 профессор, окутуучунун 698инин добушу Кудайбергеновага берилди. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна академиянын басма сөз кызматы кабарлады.

Калган үч талапкердин арасынан Эркин Алымбаев 11, Зиябидин Айдаров 12 жана Жолдош Шаршембиев 10 добуш алышты.

Бүгүнкүгө белгиленген шайлоону Билим берүү жана илим министрлиги токтоткону белгилүү болуп, 28-майда окуу жайда нааразылык акциясы өткөн. Акцияга чыккандар шайлоону убагында өткөрүү талабын коюшкан жана президентке кайрылуу жолдошкон.

Медакадемияда өткөн акция. 2021-жылдын 28-майы.
Медакадемияда өткөн акция. 2021-жылдын 28-майы.


Медициналык академиянын алдына чыккандар Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы дайындалган статс-катчысы Калысбек Шадыхановдун ректор шайлоо өнөктүгүн токтотуу буйругуна нааразычылык билдиришкен. Алар бул буйрукту жокко чыгарып, добуш берүүнүн өтүшүн талап кылышкан. Окуу жайдын Юридика жана кадр бөлүмүнүн жетекчиси Темирбек Жуманалиев Шадыхановдун буйругу мыйзамсыз экенин айтып чыккан.

"Статс-катчынын буйругу 27-майда чыгып, бирок 28-май деп жазылганы анын мыйзамдуулугунан шек санатты. Кыргыз Республикасынын стат-катчылар жөнүндөгү жобосуна ылайык, академия мамлекеттик органга кирбегендиктен министрликтердин статс-катчылары окуу жайлардын ректорлорунун шайлоосун токтотууга ыйгарым укугу жок".


Нааразылык акциясынын катышуучулары Индира Кудайбергенованы колдогон плакаттарды көтөрүп турушту. Митингге студенттер да чыгышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Самат Тоялиев шайлоону токтотуунун себептерин атаган жок.

Мекеменин басма сөз кызматы шайлоо өткөрүү маселеси каралып жатат деп маалымдаган болчу.

Индира Кудайбергенова 2000-2016-жылдары бул окуу жайда проректор, ректордун милдетин аткаруучу, кафедра башчысы болуп иштеген. 2016-жылдан бери ректорлук кызматты аркалап келип, бул жолку шайлоого талапкерлигин койгон соң ректордун милдетин Андрей Сопуев аткарып жаткан.

Окуу жайда алты жыл мурунку ректор шайлоо да бир катар ызы-чуу менен коштолуп, анда Кудайбергенованы колдогондор чыккан. Ага чейинки ректор Аширалы Зурдинов башкарып турган 2011-жылдан 2014-окуу жылдарында анын туугандарынын жана депутаттардын балдарын окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган фактылар айтылган.

Бул ирет да жергиликтүү маалымат каражаттары Медакадемиядагы кезектеги ректор шайлоо жараянын жеке кызыкчылыктардын кагылышы коштоп жатканын жазышты.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы 1939-жылы уюшулган. Ректорду окуу жайдын жамааты төрт жылда бир шайлайт.
Ал жерде миңдей адам иштейт, 10 миң студент бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG