Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:13

ТИМ Тажикстандын жарандарын өткөргөн көзөмөл бекеттердин тизмесин жарыялады


Чек ара өткөрмө бекети.
Чек ара өткөрмө бекети.

Министрлер кабинетинин чек арадагы кыймылга киргизген чектөөсүнөн улам Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аймагынан Тажикстанга чыгып кетүүнү каалаган коңшу өлкөнүн жарандары үчүн өткөрмө бекеттердин тизмесин чыгарды.

Бул тууралуу министрликтин интернет баракчасына 28-майда расмий билдирүү чыкты. Ага ылайык тажик жарандыгы бар атуулдар төмөндөгү көзөмөл өткөрмө бекеттеринен чыга алышат:

- "Кулунду - автожол"
– "Кайрагач-автожол"
– "Кызыл-Бел-автожол"
– "Бордөбө-автожол"
– "Карамык-автожол".

Министрлик чек арадагы убактылуу чектөөлөр Тажикстандын дипломатиялык кызматкерлерине, элчилик өкүлдөрүнө жана эл аралык кызматкерлерине коюлбаганын маалымдады.

25-майда түнкүсүн Тажикстандын "Сомон Эйр" авиакомпаниясы менен Кыргызстанга учуп келген 177 жүргүнчү артка кайтарылган.

Кыргызстан 24-майдан тарта коңшулаш Тажикстан менен чек арасын убактылуу "толук" жапканы белгилүү болгон.

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, кайсы бир убакытка чейин болушуна, ары-бери жүрүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө "убактылуу чектөө" киргизилген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG