Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

COVID-19: Мелбурн бир жумага карантинге жабылууда


Мелбурн шаары. 25-май, 2021-жыл
Мелбурн шаары. 25-май, 2021-жыл

Австралиянын экинчи чоң шаары Мелбурн бир жумага карантинге жабылууда. Муну менен бийлик коронавирустун алгач Индияда аныкталган түрүнүн тарашын алдын алууну көздөйт. 5 миллиондой киши 28-майдан тарта үйлөрүнөн эң зарыл иши болсо гана чыга алышат.

Мындай чектөө калаада 4-жолу киргизилүүдө. Былтыр Мелбурндун тургундары 4 ай катар карантин шартында жашап келишкен.

Бийлик вирустун бул штаммы өтө жугуштуу экенин, тез жайылып жатканын эскертти. Ошол эле маалда өлкөдө эмдөө жай жүрүп жатканы да сынга кабылууда. 25 миллион калктуу Австралияда азыркыга чейин вакцинанын 3,7 миллион дозасы гана сайылды.

COVID-19 илдети ийгиликтүү ооздуктагандан кийин өлкөдө чектөөлөр жумшартылган. Былтыркы марттан бери сырткы чек аралар жабык турат. Пандемия башталгандан бери Австралияда коронавирустун 30 миңдей учуру катталып, 910 бейтап каза болду.

26-майда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган июнда эмдөө өнөктүгү күч аларын билдирди. Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын айтымында, 1-июндан тарта 50 жаштан ашкандар вакцина ала алышат, эмки жумада 5 миллион доза вакцина келмекчи. Азырынча 86 миллион калкы бар өлкөдө 28,4 миллион киши эмделди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG