Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

Бишкектин мурдагы мэри Суракматов 48 саатка камалганы кабарланды


Азиз Суракматов
Азиз Суракматов

26-майда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка барган соң 48 саатка камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар билдирди. Ага чейин атайын кызмат Суракматов тергөөчүгө сурак берип жатканын тастыктаган. Бирок ал кайсы ишке байланыштуу чакырылганы айтылган жок.

Айрым маалымат каражаттары жазгандай, мурдагы шаар башчы “Мыйзамсыз баюу” боюнча иштин алкагында УКМКга күбө болуп чакырылган.

Суракматов Бишкек шаарын 2018-2020-жылдары башкарган. Былтыр октябардагы бийлик алмашууда бир нече күн кайда экени белгисиз болуп, анан кайра кызматка киришкен. 20-октябрда өз каалоосу менен иштен кеткен.

11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна ал Кыргызстан элдик демократиялык партиясын сүрөгөн.

51 жаштагы Суракматов мурда Жогорку Кеңештин депутаты, шаардык кеңештин төрагасы болгон. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG