Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Москва: өрт кыргызстандык эки секелектин өмүрүн алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада кыргызстандык мигрант үй-бүлөнүн 4 жана 5 жаштагы эки кызы өрттө каза болду.

Жакындарынын айтымында, каргашалуу окуя 22-майда орун алган. Ата-энеси балдарды сыртынан кулпулап, жумушка кеткен учурда өрт чыккан.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маркумдардын сөөгүн мекенине жөнөтүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Көз жумган кыздар Сузактын Жалгыз-Жаңгак айылынан болушат. "Азаттык" алардын атасы Кеңешбек Калмурзаевдин бир тууганы Уулкыз Калмурзаева менен байланышты. Анын айтымында, кыздардын ата-энеси ажырашып, таенеси карап жаткан.

"Кыргызстандагы туугандарына кабар бердик. Кырсыкка кабылган сиңдилеримдин сөөгү азырынча Москвадагы оорукананын өлүкканасында. Бул жактагы кыргызстандыктар түптөгөн уюмдар жана башка мекендештер жардам көрсөтө башташты. Байкем деле, келинчеги деле бул жакта иштешет. Агам кыздарынын өлүмүн уккандан кийин нес болуп калды. Азыркы абалын айтып жеткире албайм".

Кыздарды багып жаткан таенеси жана апасы менен байланышууга азырынча мүмкүнчүлүк боло элек.

Секелектердин сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн жакындары элден жардам сураган. Көмөктөшүүнү каалагандар Уулкыз Калмурзаеванын эсебине (Сбербанк) каражат которсо болот: 4279 3806 7565 2913.

Байланыш телефону: +79309751711.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Усубакунова консулдуктун кызматкери окуянын чоо-жайын иликтеп жатканын билдирди:

"Диаспора өкүлдөрү жардам берип жатышат. Тийиштүү документ иштери бүткөн соң Кыргызстанга жөнөтүлөт".

Мамлекеттин убадасы

Чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мамлекеттин эсебинен өлкөгө алып келинет. Бул тууралуу 25-майда өлкөнүн тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Расмий маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент 22-февралда кол койгон. Ал эми 21-апрелде өкмөт чет өлкөдө көз жумгандарды мекенине алып келүү чыгымдарын жабуу тууралуу токтом чыгарган.

Башка мамлекетте каза болгон адамдын жакындары бир жолку акчалай жардам алуу үчүн Тышкы иштер министрлигине же элчиликтерге төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

  • Арыз
  • Каражат алчу адамдын паспортунун көчүрмөсү
  • Маркумдун тууганы экенин тастыктаган документтердин көчүрмөсү (нике тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк)
  • Консулдук легалдаштыруу белгиси басылган же апостиль коюлган документ - өлгөндүгү жөнүндө маалымкат же нотариалдык маалыматтык көчүрмөсү.

Буга чейин чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мекендештери, ыктыярчы топтор, уюмдар же туугандары чогулткан каражатка жеткирилчү.

2018-жылдан тартып өкмөт сырттан “Жүк-200дү” алып келүүгө 50 миң сом бөлүп берип келет.

Орусияда каза болгон мигранттын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн 100 миң сом, Европадан, мисалы Германиядан 300 миң сом (болжол менен 3000 евро) талап кылынат.

Чет жакта жашаган кыргызстандыктар арасында каза болгондордун саны жыл сайын 300гө чамалайт. Бул тууралуу чет өлкөгө чыгып жаткандардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун негиздемесинде жазылган. Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакпаев иштеп чыккан долбоор 12-майда парламенттин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлган.

Бейрасмий маалыматка ылайык, миллиондон ашуун кыргызстандык чет мамлекеттерде эмгек миграциясында жүрөт, алардын көбү Орусияда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG