Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:35

Казакстан шинжаңдык үч казакка жарандык берүүдөн баш тартты


Казак бийлигинен жарандык берүүнү өтүнгөн Кайша Акан.
Казак бийлигинен жарандык берүүнү өтүнгөн Кайша Акан.

Казакстан Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунан качып келип, бозгун макамын алган үч казакка – Кайша Аканга, Мурагер Алимулыга, Кастер Мусаканулына жарандык берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги расмий кат жолдогонун шинжаңдык казактардын бири Кайша Акан “Азаттыктын” казак кызматына билдирди.

"Айланып келип, эртеби-кечпи бизди Кытайга кайра кайтарышат окшойт”, - деди Кайша Акан.

ИИМ жөнөткөн катта “көчүү-конуу жөнүндө” мыйзамдын негизинде Казакстанга мыйзамсыз келген, чек араны бузуп өткөнү үчүн соттолгон, мурда жашаган өлкөсүндө мыйзам бузганы үчүн куугунтукталган кишилерге жарандык берилбей турганы айтылган.

Апрелде жогорудагы үч адам казак бийлигинен жарандык же үчүнчү өлкөгө чыгууга жол ачкан документ берүүнү сураган.

Буга чейин Шинжаңдан качып келген Сайрагуль Сауытбайга Казакстанда качкын макамы берилбегенден кийин 2019-жылы июнда үй-бүлөсү менен Швецияга чыгып кеткен.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" аттыккан жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Кытай бийлиги мындай дооматтарды четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG