Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Путин: Орусия кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшөт


Садыр Жапаров менен Владимир Путин, 24-февраль, 2021-жыл.
Садыр Жапаров менен Владимир Путин, 24-февраль, 2021-жыл.

Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшүү үчүн мүмкүн болгон бардык аракетти көрөт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 24-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуусунда айтканын "TASS" жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Аталган агенттик Жапаров Путинге кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл бурганы үчүн ыраазылык билдиргенин жазды.

Маалыматка ылайык, Сочиде өтүп жаткан жолугушууда Путин коронавируска каршы " "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү маселесин адистер изилдеп жатканын да кошумчалады.

Буга чейин кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусунда чек ара маселесинен тышкары эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү жана евразиялык аймактагы интеграциялык кызматташтык тууралуу сөз болоору кабарланган.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстанда 36 адам, тажик тараптан 19 адам курман болгон. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Орус президенти Путин бул окуяны тажик президенти Эмомали Рахмон менен 8-майда Москвадагы жолугушуусунда талкуулаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG