Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Бирманын бийликтен кулатылган лидери Су Чжи сотко келди


Бирманын лидери Аун Сан Су Чжи, Будапешт шаары, 5-июнь 2019-жыл.
Бирманын лидери Аун Сан Су Чжи, Будапешт шаары, 5-июнь 2019-жыл.

Бирманын (Мьянма) бийликтен кулатылган лидери Аун Сан Су Чжи февралдын башындагы аскердик төңкөрүштөн бери биринчи жолу сотко келди. Анын адвокаттары 24-майда баш калаа Найпьидодогу соттук териштирүү башталганга чейин Су Чжи менен 30 мүнөттөй сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алышканын, 75 жаштагы саясатчынын саламаттыгы жайында экенин билдиришти.

Дүйшөмбүдөгү соттук жараян процедуралык маселелерди кароо менен чектелди. Кийинки сот 7-июнда өтө турган болду. Үй камагында отурган Су Чжи буга чейинки соттук отурумдарга видео конференция аркылуу катышкан.

1-февралда Бирманын армиясы шайлоо жолу менен түзүлгөн өкмөттү кулатып, өлкөнүн де-факто лидери Аун Сан Су Чжини жана анын башка партиялаштарын камакка алган. Натыйжада дээрлик он жылга чукулдаган жарандык бийлик жоюлуп, өлкөнү башкаруу кайра армиянын колуна өткөн.

Андан бери Бирмада аскердик бийликке каршы чыккан 4 миңден ашуун адам кармалганы, 800дөйү армиянын колунан мерт болгону кабарланып келет.

Аскердик хунта ноябрь айындагы шайлоо “бурмаланганы үчүн” бул кадамга барганын билдирген. Бирок мындай дооматтарын бышыктоочу далилдерди көрсөтө алган эмес. Ноябрдагы парламенттик шайлоодо Аун Сан Су Чжинин “Демократия үчүн улуттук лига” аттуу партиясы чоң жеңишке жетишкен болчу.

Су Чжи адеп “өлкөгө мыйзамсыз түрдө рация алып кирген жана колдонгон, табигый кырсык маалында мыйзам бузган” деп айыпталса, кийинчерээк ага “шайлоо маалында санитардык эрежелерди бузган жана эпидемиологиялык коркунуч жараткан” деген айып коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG