Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Беларус активисти абакта каза болду


Витольд Ашурок
Витольд Ашурок

Нааразылык акциясына катышканы үчүн беш жылга эркинен ажыратылган активист Витольд Ашурок Шклов шаарындагы колонияда көз жумду. Ал саясий туткун деп таанылган.

Анын өлүмү тууралуу Беларустун көз карандысыз маалымат каражаттары жана анын тарапташтары кабарлады.

“Биздин Нива” басылмасынын маалыматына ылайык, абактагы Ашуроктун жүрөгү токтоп калган.

50 жаштагы Витольд Ашурок былтыр август айында президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциясына катышканы үчүн соттолгон. Ал колониядагы саясий туткундардын кийимине сары белги тигилгенин жазган.

Ашурок Лида шаарына жакын Березовка айылында жашаган. Ага былтыр, 9-августта Лидадагы демонстрацияга катышканы үчүн кармалганда, коомдук тартипти бузган жана полиция кызматкерлерине зомбулук көрсөткөн деген айып менен кылмыш иши козголгон.

Ашурок Беларустун жарандык активисти катары таанылган жана парламентке депутат болууну көздөгөн. Тарапкерлери аны Лида аймагынын жергиликтүү жамаатынын лидери деп аташкан.

Былтыр жай жана күз айларында Беларустун президенти Александр Лукашенконун режимине каршы массалык нааразылык акциясына жүз миңдеген адамдар катышкан. Он миңдеген адамдар камакка алынган. Көпчүлүгү токмоктолгону жана кыйноого кабылганы айтылган. Жүздөгөн адамдарга кылмыш иши козголуп, көпчүлүгү колонияга жөнөтүлгөн. Айрымдары тергөө абагында отурат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG