Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Назарбаев "ЕАЭБдин тыгыз интеграциясын" каалабаган күчтөр бар экенин айтты


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы "тыгыз интеграцияга" кызыкдар болбогон айрым күчтөр бар экенин билдирди.

Назарбаев Евразия Экономикалык Кеңешинин жыйынында биримдик айрым аймактарда пайда болгон глобалдык мүнөздөгү тышкы кысым менен сыноодон өтүп жатканын белгилейт.

"Биздин чөлкөмдө тыгыз интеграцияны каалабаган күчтөр бар, мындай тенденцияларга жол берилбеши керек", - деди ал.

Назарбаев кайсы күчтөр интеграцияга каршы экендигин жана ЕАЭБдин мүчөлөрүнө ким кысым көрсөтүп жаткандыгын так түшүндүргөн жок, бирок буга “моюн сунуунун” кажети жок экенин кошумчалады.

Айрым казакстандык эксперттер ЕАЭБдин алкагындагы интеграцияны сынга алып, биримдик Казакстанга пайдалуу эмес экенин айтып келишет. Алар үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо бажы алымдары көбөйгөндүгүн, жергиликтүү рынокту Орусиянын өндүрүшү каптаганын айтышууда. Ошол эле кезде Казакстанда өндүрүлгөн азыктар ар кандай тоскоолдуктардан улам Орусияга кирбей жаткандыгын айтышат.

Казак бийлиги бул жүйөлөрдү ишеничтүү эмес деп эсептейт. Алар Казакстандын базарында орусиялык товарлардын көп болушун Орусиянын ички дүң өнүмү Евразия экономикалык биримдигинин 87% түзгөндүгүнө байланыштырат.

Саясат талдоочулар Орусия ЕАЭБ биримдигине кирген постсоветтик өлкөлөрдө таасирин күчөтүү үчүн колдонуп, Батыш менен тирешүүнүн фонунда өзүнө ишенимдүү мамлекеттердин блогун түзүүнү көздөп жатат деп эсептешет.

ЕАЭБдин курамына Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Белорусия жана Армения кирет. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG