Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:43

АКШ Гренландия менен тыгыз кызматташууну көздөйт


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Гренландияда. 20-май, 2021-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Гренландияда. 20-май, 2021-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Гренландия менен алакасын бекемдигиси келерин 20-майда билдирди.

Ал бул тууралуу Европадагы төрт күндүк сапарын жыйынтыктап жатып айтты.

Блинкен Рейкьявикте Арктика кеңешинин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин Гренландиягы кайрылышынын себебин "АКШ биздин кызматташтыкты өтө баалайт жана аны дагы күчөткүсү келет" деп түшүндүрдү.

Мамкатчы ошондой эле президент Жо Байден мурдагы АКШнын лидери Дональд Трампка салыштырмалуу Гренландияны сатып алууну көздөбөстүгүн айтты. Трамптын 2019-жылы жасаган мындай сунушун Даниянын бийлиги дароо четке каккан.

Өткөн жылы Америка Грендландиянын баш калаасы Нуукта консулдугун ачып, жарандык долбоорлорго 12 миллион доллар бөлүп берүүнү убада кылган.

Блинкен ага чейин Арктика кеңешиндеги Канада, Дания, Финляндия, Исландия, Норвегия, Орусия жана Швециядагы кызматташтарына Кошмо Штаттары "климат, айлана-чөйрөнү коргоо жана илим жаатында кызматташтыкка артыкчылык берилген тынч арктика аймагынын өнүгүүсүнө кызыкдар экенин" айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG