Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Орусия «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда да өндүрүүнү караштырып жатат


"Спутник V" вакцинасы.
"Спутник V" вакцинасы.

Орусия коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда да өндүрүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу 21-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында орус президенти Владимир Путин билдирди.

Путин Орусия коронавируска каршы вакцинанын үч түрүн тез арада иштеп чыга алганын, алар натыйжалуу жана коопсуз экенин, жакында «Спутник Лайт» деген аталыш менен төртүнчү түрү чыгарыла баштарын айтты.

“«Спутник V» вакцинасын Казакстанда жана Беларуста да өндүрүү ийгиликтүү ишке ашты. Эми мындай өндүрүштү Арменияда жана Кыргызстанда ачуу жагы каралып жатат”, - деди Путин.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө март айынын соңунда башталган. "Спутник V" вакцинасынан 20 миң, Кытайдын Sinopharm вакцинасынан 75 миң доза келген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG