Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Мелис Аспековго дагы бир кылмыш иши козголду


Мелис Аспеков. 2021-жылдын 21-майы.
Мелис Аспеков. 2021-жылдын 21-майы.

Активист Мелис Аспековго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 14-майда Жазык кодексинин “Алдамчылык” деген беренеси менен экинчи кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Бул иштин алкагында бүгүн 21-майда Биринчи Май райондук сотунда Аспековдун бөгөт чарасы каралууда.

Тергөөнүн маалыматы боюнча ал 2016-жылы бир жарандан батир алып, акчасын бербей койгон.

Мелис Аспековдун жактоочусу Сергей Манукян тергөөчү аны №1 тергөө абагына которуу боюнча өтүнүч келтиргенин айтты.

Мелис Аспековду 8-январда атайын кызмат кармаган. 10-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал жана дагы бир активист Улан Жураев «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынышкан. УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде жүрүп жатканын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.

Аспеков азыркы президент Садыр Жапаров президенттикке талапкер катары шайлоого катышып жатканда анын штабында Чүй боюнча координатору экенин айткан. Жапаров "Аспеков шайлоо штабымда иштебейт" деп 10-январда билдирген.

УКМКнын тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына президент Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.

Ички иштер министрлиги анын бул билдирүүсүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү баштаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG