Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Орусия Армения-Азербайжан чек арасын демаркациялоо үчүн комиссия түзүүнү сунуш кылды


Азербайжан-Армения чек арасынын картасы
Азербайжан-Армения чек арасынын картасы

Орусия Армения менен Азербайжандын чек арасын демаркациялоо үчүн биргелешкен комиссия түзүүнү сунуш кылды. Өткөн аптада Ереван азери аскерлери Сюник жана Гехаркуник облустарына бир нече километр кирип келишкен деп айыптаган. Баку жоокерлери чек арадан өтпөгөнүн, өз тарабындагы позицияларына кайтышканын, себеби кышында ал жактарга жетүү кыйын болорун айтып жооп кайтарган.

Былтыр күзүндө Кавказдагы эки өлкө Тоолуу Карабак анклавы үчүн алты жума согушуп, кан төгүү Орусиянын ортомчулугу менен түзүлгөн келишимге кол коюлгандан кийин токтогон. Ага ылайык, Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келаткан жерлерди кошуна өлкөгө кайтарган.

19-майда Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Душанбедеги саммитине катышкан орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва чек ара боюнча комиссия түзүүнү сунуш кылганын, Орусия “арачы” же “кеңешчи” ролун аткара аларын билдирди.

Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян орустардын сунушу тууралуу маалыматты бышыктады. Анын айтымында, Ереван “бул багыттагы иштерди баштоонун алдында Азербайжан Армениянын суверендүү аймагынан аскерлерин чыгарып кетүүгө тийиш деп эсептейт”.

14-майда Армениянын өкмөтү кошуна өлкө менен чек арадагы кырдаалга байланыштуу өзү мүчө болгон ЖККУга расмий түрдө кайрылган.

Былтыркы тынчтык келишиминин алкагында орусиялык бейпилдик күчтөрү Тоолуу Карабактын айланасына жайгаштырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG