Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:05

Блинкен менен Лавров Рейкьявикте жолукканы жатышат


Энтони Блинкен. Рейкьявик, 18-май 2021-жыл
Энтони Блинкен. Рейкьявик, 18-май 2021-жыл

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров биринчи жолу бетме-бет жолукканы жатышат. Башкы дипломаттар Исландияда Арктика кеңешинин жыйынына катышып, 19-майдын кечинде Лавров Тажикстандан Рейкьявикке учуп барары менен өзүнчө сүйлөшүү өткөрмөкчү.

Кездешүү тараптардын мамилелери “кансыз доорундагы” абалга кайтышы мүмкүн деген коркунуч жаралган кыйын маалга туш келүүдө.

Вашингтон менен Москва ортосунда орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын камалышы, орус аскерлеринин Украина менен чек арага тартылышы, орусиялык делген хакерлердин америкалык куурга киберчабуулга байланыштуу пикир келишпестиктер пайда болгон. Орусия ал чабуулга тиешеси жоктугун айтып, ички иштерине, Навальныйдын өкүмүнө кийлигишип жатат деп АКШны айыптады.

Рейкьявик 1986-жылы президент Роналд Рейган менен советтик лидер Михаил Горбачев биринчи саммит өткөргөн шаар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG