Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

Наркотрафиктин боюндагы Кыргызстан


УКМК тараткан видеодон алынган сүрөт.
УКМК тараткан видеодон алынган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жарым тоннадай баңгизат колго түшкөнүн маалымдады. Атайын кызмат бул Кыргызстандын эгемен тарыхында кармалган эң чоң көлөмдөгү маңзат экенин билдирди.

УКМК колго түшүрүлгөн героиндин баасы 20 миллион долларга чамалай турганын билдирди. Бул фактыга байланыштуу эки жаран шек саналып кармалган. Учурда атайын кызмат дагы башка кылмышка тиешеси адамдарды издеп жатат.

“Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында баңгизат оор жүк ташуучу автоунаада жашыруун бекитилген жеринен аныкталган. Анын ичинен жалпы салмагы 440 киллограмдан ашык баңгизат (героин) табылды. Иштин жүрүшүндө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шек саналган эки киши УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деди атайын кызматтын өкүлү.

Атайын кызматтын ырасташынча, жарым тоннадай баңгизат Борбор Азия аркылуу Жакынкы Чыгыштан Европага ири өлчөмдөгү баңгизат ташуучу каналга тийиштүү.

Кыргызстан маңзат ташылган жолдун боюндагы мамлекет экени айтылып жүрөт.

Адистер бул жолду "Түндүк маршрут" деп атап, Ооганстандын героини Тажикстандан Кыргызстан аркылуу тонналап, Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жашыруун каналдар аркылуу тарай турганын белгилешет.

“Борбор Азиядагы наркосаясат борбору” коомдук фондунун жетекчиси, эксперт Александр Зеличенконун пикиринде, ири баңгизат кармалган соңку факты Кыргызстанда туруктуу наркотрафик бар экенин далилдеди.

Александр Зеличенко.
Александр Зеличенко.

“Кыргызстандын аймагынан ташылган жарым тоннадай героинди кармалышы УКМКнын өтө кубаттуу операциясы болду. Атайын кызмат катуу даярданганы көрүнүп турат. Бирок баңгизат Жакынкы Чыгыштан алынып келе жатканы күмөндүү ойго жетелейт. Буга чейин ал өлкөлөрдөн баңгизат келген эмес. Героин негизинен Ооганстандан ташылат. Эми иликтөө иштеринде башка да маалыматтар айтылса керек. Эки жыл мурда ушундай эле ири өлчөмдөгү баңгизат Германиянын чек арасында кармалып, Кыргызстандан ташылып бара жатканы айтылган. Бул эки факт Кыргызстанда туруктуу наркотрафик бар экенинен кабар берет”.

Зеличенко айтып жаткан окуя 2019-жылы июнь айында Польша менен Германиянын чектеш аймагында катталган. Ошол кезде немис басылмалары оор жүк ташуучу автоунаадан 670 килограмм героин кармалганын жазышкан. Баңгизат таттуу азыктардын ичине катылган жана ал Кыргызстандагы "Элит Шоко" фирмасында өндүрүлгөнү белгилүү болгон.

Жүк Белгияга ташылып баратканы жана анын баасы кеминде 55 миллион доллар экени айтылган. Териштирүүдө Грузиянын номуру тагылган автоунаанын айдоочусу түрк жараны экени, көптөн бери Кыргызстанда иштеп, Бишкекте жашай турганы маалымдалган.

Өкмөттүн Баткендеги мурдагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев “Азаттык” радиосуна курган маегинде мына ушул окуяны эстеп, облуста баңгизатка аткезчилиги тыйылбай жатканын айткан. Ал мындай жагдай соңку чек ара жаңжалынын чыгышына себепкер болгонун белгилеген.

Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

“Жаңжалдын чыгышына аткезчилердин жана баңги топтордун да таасири бар. Чыр жөндөн-жөн чыкпайт. 2019-жылы Германияда кармалган героин Баткенден өткөн. Ал кезде мен Коопсуздук кеңешинде иштечүмүн. ИИМ менен УКМК ал жүктүн Кыргызстанга тиешеси жок дешкен. Мына жакында сот болуп, күбөлөр “героинди Тажикстандан алып, Кыргызстан аркылуу Германияга жөнөткөнбүз” деп айтып беришти. Бул аткезчиликтин пайдасы чоң экенин билдирет. Баткен облусун паракорлор менен олигархтарга берип койгон. Алар контрабанда менен иштеп жатат”.

Кыргызстанда маңзат соодасын ИИМге караштуу Баңгизаттарга каршы күрөш кызматы тескейт. Ага чейин бул иш өкмөткө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигине тийиштүү болчу. Бул мекеме 2016-жылы жоюлган.

Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери маңзат соодасына аралашкан учурлар да катталган.

Маселен, мындан эки ай мурда эле Ошто маңзат ташыгандарды калкалап жүргөн деген шек менен жетекчилик кызматта иштеген милиция кызматкери кармалган.

УКМК колго түшкөн тартип сакчысы көптөн бери Ошто ири өлчөмдөгү баңгизаттарын сатуу менен алектенип жүргөн деп шек саналганын билдирген.

2018-жылдын февралында ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөш кызматынын полковниктери сегиз килограмм нашаа менен кармалып, камакка алынган. Ага чейин Ала-Букада милиция кызматкери 5 килограммдай апийим, УКМКнын кызматкерлери 7 килограммдан ашык героин менен колго түшкөн.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаев баңгизат ташыгандарды калкалагандар жазасыз калбашы керек деп эсептейт.

Мелис Турганбаев
Мелис Турганбаев

“Кыргызстандагы наркотрафик дагы деле иштеп жатканы көрүнүп турат. Алар күндө эле баңгизат ташып өтө бербейт. Буга чейин да ири өлчөмдөгү баңгизат ташыгандар кармалып жаткан. Ал эми кечээ жакында колго түшкөн ири өлчөмдөгү баңгизаттын аркасында кимдер турганы иликтениши керек. Аны сөзсүз түрдө Кыргызстандагы беделдүү адамдар калкалап турат да. Ансыз иш кыла албайт болчу. Факты терең иликтениши керек. Анын жүрүшүндө баары белгилүү болот. Буга чейинки иштерде баңгизат ташыгандар гана кармалып, аларды калкалагандар, чоңдору жоопкерчиликке тартылбай келген.

Мамлекеттик бажы кызматы быйыл жыл башынан бери эле баңгизат ташыган 30 учурду каттады. Бул иштердин натыйжасында мыйзамсыз ташылган 100 килограмм жакын маңзат табылган. Бул сандар былтыркыга салыштырмалуу 57% көп.

ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөш кызматы соңку жылга карата баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча маалымат тарата элек. Бул макала жазылып жаткан чакта аталган мекеме менен Башкы прокуратура расмий маалымат бере албастыгын айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG