Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

20-майдын аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

20-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 24…29;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 26…28 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG