Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:22

Баткен: Мамкаттоо кызматынын иш сааты узартылды


Жалпы жарандык паспорт.
Жалпы жарандык паспорт.

Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда жарандык актыларды каттоо, паспорт жана башка документтерди берүү кызматтары таңкы саат сегизден кечки жетиге чейин иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

“Акыркы чек арадагы окуяга байланыштуу Баткендин чек ара аймактарында документтерин кайра келтирүү үчүн кайрылган жарандардын саны өстү. Мындан улам мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн Баткендин үч районунда иш убактысы эки саатка узартылды”, - деп айтылат маалыматта.

28-29-30-апрелде жана 1-майда бул аймакта куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, 19 адам тажикстандык каза болгон.

Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

Тажик тараптан 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак-жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG