Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Баткендин макамы боюнча жыйынга тийиштүү жетекчилер катышпаганы сынга кабылды


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзам долбоорун караган жыйынына тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышпаганы депутаттардын сынына кабылды. Бул маселе бүгүн 18-майда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Өкмөт парламенттин кароосуна киргизген долбоор комитетте биринчи окууда талкууланып, негизги баяндамачы катары айыл чарба, токой жана суу чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов маалымат берди.

Депутаттар Баткен маселеси каралып жатканда жооптуу жетекчилер катышпаганына нааразы болуп, облустун маселелери чечилбей кала берет деген кооптонуусун айтышты.

Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынына чыгарылганда министрлер кабинетинин төрагасы өзү катышуусу керек деген талапты колдой турганын билдирди:

“Финансы жана экономика министри, тилекке каршы, катышкан жок, орун басары катышып жатат. Бир топ мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырганбыз… Айыл чарба министри бүгүн коллегия өткөрүп жатыптыр. Бирок коллегиянын мааниси жана бул маселенин мааниси… Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемесинин директору чакырылса, келген жок. Бул туура эмес. Бул ушул маселеге кылган мамиле. Жетекчилер бул маселеге кандайдыр бир кайдыгер мамиле жасап, орун басарларын жөнөтүшкөн”.

Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов депутаттардын сынына жооп берип, “Бүгүн айтылган бардык жүйөлүү маселелер боюнча бүгүнтөн тартып иштейбиз” деп айтты.

Баткен облусунун башчысынын ыйгарым укуктарын күчөтүүнү, Баткен облусунун Координациялык кеңешин түзүүнү, атайын салыктык жана инвестициялык режимдерди киргизүүнү караган мыйзам долбоорун өкмөт 3-майдагы токтому менен демилгелеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG