Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Президенттин басма сөз катчысы болуп Эрбол Султанбаев дайындалды


Эрбол Султанбаев.
Эрбол Султанбаев.

Президенттин басма сөз кызматында кадрдык алмашуу болду. 18-майда мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык президенттин басма сөз катчысы болуп Эрбол Султанбаев, президенттик администрациянын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Марс Нурай дайындалды.

Эрбол Султанбаев буга чейин Маалыматтык саясат бөлүмүндө, Марс Нурай Улуттук Банктын басма сөз кызматында иштешкен.

Басма сөз катчылык кызматты 2020-жылдын октябрынан бери аркалап келген Галина Байтерек президенттик администрациянын Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Маалыматтык саясат бөлүмүн быйыл 1-февралдан бери Нуркамал Асканова жетектеп келген.

18-майда президент Садыр Жапаров администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG