Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:30

ТИМ Түркияга бараткан кыргызстандыктарга медициналык полис алууну сунуш кылды


Кыргызстандагы бейтапканада. Апрель, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы бейтапканада. Апрель, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өз сайтында Түркияга бараткан жарандарга коронавируска каршы медициналык камсыздандыруу полисин алууну сунуш кылды.

Анда: "Кыргызстандын жарандарына Түркиянын аймагында COVID-19 илдетин жуктуруп алган учурда акысыз дарыланууга кепилдик берүүчү сактык полистерин алуу сунушталат. Ошону менен бирге жарандарга Түркиядагы эпидемиялык кырдаалды - коронавирус илдетине чалдыккандар кескин көбөйүп жатканын, ага ылайык киргизилген чектөөлөрдү эске алып, азыркы учурда Түркияга баруудан кармануу сунушталат", деп жазылган.

Түркияда коронавирус илдетинин тез жайылышына байланыштуу 29-апрелден 17-майга чейин локдаун жарыяланган. 16-майда түрк бийлиги коронавирусту жуктуруп алгандардын саны азайганы байкалганын, бирок катаал карантин эрежелер сакталарын, орто мектептер аралыктан окуусун улантарын жана дем алыш күндөрү көчөгө чыгууга толугу менен тыюу салынганын кабарлады.

Түркияда коронавирус жугузуп алгандар биринчи жолу былтыр 11-мартта катталган.

Расмий маалыматтар боюнча 15-майда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөр 44 537 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар беш миллиондон ашып, алардын беш миллионго жакыны айыгып чыкты.

Ошол эле учурда өлкөнүн 83 миллион калкынын 11 миллионго жакыны коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алышты. Арасында алатоолук мигранттар да бар.

Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы белгисиз. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG