Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Кыргызстанда Энелер күнү белгиленүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Энелер күнү менен кыргызстандыктарды президент Садыр Жапаров куттуктады. Мамлекет башчы куттуктоосунда жакында Эне жана баланы камкордукка алуу, колдоо жана коргоо багытында улуттук программа ишке киргизилерин айтты. Президент мындан тышкары көп бала төрөп, өстүргөн, жетим, кароосуз калган балдарды асыраган, алыстагы мигранттардын балдарын багып отурган энелерге терең ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров энелер менен. Ысык-Көл. 15-май, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров энелер менен. Ысык-Көл. 15-май, 2021-жыл.

"Элибиз байыртадан энени ыйык көргөн, Умай эне атаган, жерди — Жер Эне, өз тилин — Эне тил деген! Энени урматтоо жана сыйлоо, анын турмуштагы алмаштырылгыс ордун таануу каада-салттарыбызга терең тамырлаган. Кыргызстанда бекем, чоң жана ынтымактуу үй-бүлөлөр ар дайым коомубуздагы адеп-ахлактык бакубаттуулуктарды калыптандыруунун маанилүү фактору болуп келген", деп белгилеген Садыр Жапаров.

Куттуктоодо ошондой эле үй-бүлө институтун чыңдоо, эне-баланы коргоо, энелердин укуктары менен кызыкчылыктарын камсыздоо, көп жана жаш балалуу үй-бүлөлөрдү ар тараптан колдоо – социалдык саясаттын эң маанилүү багыты экени жазылган.

Кыргызстанда 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү деп белгиленип келет. Мындай жарлыкка ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG