Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:43

Адылбек Касымалиев президенттик аппараттын жетекчи орун басары болду


Адылбек Касымалиев
Адылбек Касымалиев

Адылбек Касымалиев президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 14-майда кол койду.

61 жаштагы Касымалиев 2015-2018-жылдары Кыргызстандын финансы министри болуп иштеген. Ага чейин өлкөнүн Салык кызматын жетектеген, экономика министринин орун басар кызматын аркалаган.

2019-жылы Кумтөр кени боюнча канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен жаңы келишимдин негизинде “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк” фонду түзүлүп, аны Адылбек Касымалиев жетектери айтылган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG