Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:23

БШК Рысалиевди депутаттык мандатынан ажыратты


Зарылбек Рысалиев
Зарылбек Рысалиев

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 14-майда "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиевдин депутаттык мандатынан ажыратты. Анын мандаты Өскөнбай Жээнбаевге тийди.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, Рысалиев мандатынан баш тартып, Боршайкомго өзү арыз жазган. Мындан тышкары анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга Бишкектин Свердлов райондук сотунун айыл пул чегерген чечими да негиз болгон.

Бирок райондук сотто Рысалиев кайсы иштин алкагында айыпка жыгылганы тууралуу так маалымат айтылган жок.

Зарылбек Рысалиев 2013-жылы Мамлекеттик жаза аткаруу кызматын жетектеп турган учурда кримтөбөл Азиз Батукаев "айыккыс илдетке чалдыкты" деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып кеткен.

Буга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир катар аткаминерге кылмыш иши козголгон. Аны менен катар Рысалиевдин да жоопкерчилиги каралып, ал 2019-жылы августа үй камагына алынган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG