Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:37

“Центерранын” директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланды


"Кумтөр" кени.
"Кумтөр" кени.

Канадалык “Центерра” компаниясынын акционерлеринин жылдык жыйынында директорлор кеңешине 11 талапкер тандалганы тууралуу маалымат ишкананын сайтына жарыяланды. Анда айтылгандай, жылдык жыйын 11-майда өттү.

Тандалган 11 адамдын үчөө кыргызстандыктар. Алар: Дүйшөн Касенов, Тенгиз Бөлтүрүк жана Нурлан Кыштообаев, үчөө тең буга чейин да кеңешке мүчө болчу.

«Центерра» компаниясынын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар. Кеңешке мүчөлөр жыл сайын май айында шайланып турат.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG