Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:46

Газа тилкесинде абал курч бойдон кала берүүдө


Газа тилкесинде израилдиктер менен палестиналыктардын куралдуу тиреши курчуп жатат. 13-майда палестиналык ХАМАС тобунун командири өлтүрүлүп, тилкедеги көп кабаттуу имарат кыйраган соң Израилди көздөй ондогон ракеталарды атты. 10-майда кырдаал курчугандан тартып кеминде 56 палестиналык набыт болду. Алардын 14ү - балдар. Израил тараптан жети адамдын мерт болгону кабарланды. Аймактагы араб жана жөөттөр аралаш жашаган аймактарда көчө кагылыштары орун алууда. АКШнын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүп, ХАМАСтын ракеталык чабуулдарын айыптады.

Байден Израилдин коопсуздугун жана өзүн коргоо укугуна колдоо көрсөтөрүн билдирди. Эл аралык коомчулуктун абалды жөнгө салуу чакырыгына карабай Израил бийлиги Газа тилкесине сокку урууну улантарын жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG