Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

АКШ Кыргызстан жана Тажикстанга чек ара чатагын жөнгө салууга жардам берет


Баткендеги чатакта үй бузулган аял
Баткендеги чатакта үй бузулган аял

АКШ Кыргызстан жана Тажикстанга чек ара чатагын жөнгө салып, үй-жайын таштап качкан элди кайра кайтарууга жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысы Жонатан Хеник Анлантика кеңеши уюштурган интернет талкууда билдирди. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан соң эки өлкөнүн өкмөттөрү диалогго даяр экени үмүт берерин кошумчалады.

"Азырынча бул чатак жөнгө салынды деп жыйынтык чыгарганга болбойт. Жөнгө салына элек. Үй-жайын таштап качкан жарандарды кайтаруу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн тынчтык жана стабилдүүлүк керек» - деп билдирди Мамлекеттик департаменттин өкүлү.

Хеник Вашингтон учурда Кыргызстандын жана Тажикстандын Бишкек, Душанбедеги элчиликтери жана эки өлкөнүн АКШдагы өкүлчүлүктөрү аркылуу тажик, кыргыз бийлиги менен сүйлөшүп жатканын жана кырдаалды тынч жол менен чегерүү үчүн жардам көрсөтүүгө даярдыгын кошумчалады.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашуун адам жараат алды.

Тажик тараптан 19 адам каза болгону, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды.

Баткен облусунда 78 турак үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.

Коңшу өлкөнүн Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG