Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:02

Жергиликтүү шайлоо: Жыйынтык жокко чыгышына себепкер талапкер кайра шайлоого катыша албайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жергиликтүү кеңешке добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылышына себепкер болгон талапкерлер кайра шайлоого катыша алышпайт. Мыйзамдагы талап ушундай экенин 12-майда «Азаттык» радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

Анын айтымында, бул үчүн ошол талапкер шайлоонун жокко чыгарылышына себепкер экенине так далил болушу шарт.

Оштогу шайлоонун тегерегиндеги соңку окуяларга байланыштуу комментарий берип жатып Журабаева ал жакта тигил же бул талапкерге байланыштуу доо айтылбаганын белгиледи:

«Бизге милиция талапкерлер боюнча такталган маалымат берген жок. Биз конкреттүү маалымат болсо карайбыз. Мыйзамда кайсы талапкер себепкер болсо ошолор четтетилери жазылган».

Кайра шайлоонун жол-жобосу «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 39-беренесинде жазылган.

Кыргызстанда 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Анын бешөө (Бишкек, Ош, Токмок шаарлары, Арстанбап, Бүргөн айылдары) боюнча маселе жаралып жатат.

11-майда БШК Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышып, төртөө өткөн. Алты партия жыйынтыкка нааразы болгон.

3-майда Токмок шаарындагы шайлоо жыйынтыгы ага катышкан төрт партиянын арызынын негизинде жокко чыгарылган.

23-апрелде Бишкекте Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын (КЭДП) добуштары жокко чыгарылган. Буга УКМК менен милициянын аны "добуш сатып алууга" айыптаган документтери негиз болгон жана борбор калаанын Административдик соту БШКнын бул чечимин күчүндө калтырган.

Жергиликтүү кеңешке кайра шайлоону президент шайлоо жараксыз деп табылган күндөн тартып бир ай ичинде дайындайт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG