Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:30

Украинада орусиячыл саясатчы Медведчукка кылмыш иши козголду


Украинадагы оппозициячыл саясатчы Виктор Медведчуктун үйүндө тинтүү жүрдү. Өлкөнүн башкы прокурору Ирина Венедиктова Медведчукка "Мамлекеттик чыккынчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Учурда саясатчы кайда экени белгисиз.

Башкы прокурор Ирина Венедиктова "Фейсбуктагы" билдирүүсүндө Медведчуктун аты-жөнүн белгилеген жок, ал «элдик депутат М.»-деп билдирди. Бирок анын сөзүнөн "Жашоо үчүн - Оппозициячыл платформа" партиясынын лидери жөнүндө сөз болуп жатканы белгилүү болду.

Прокуратура Крым жарым аралындагы улуттук байлыктарды тоноо, "Украинанын кен байлыктарына байланыштуу баалуу документтерди берүү" жана "Крымды башка өлкөнүн аймагынын бөлүгү катары таануу" сыяктуу айыптар тагылууда. Медведчук менен катар Жогорку Раданын дагы бир депутаты Тарас Козакка да айып тагылууда.

Виктор Медведчук Украинадагы орусиячыл саясатчылардын бири. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен мамилеси жакшы саясатчы катары белгилүү.

Буга чейин Украинанын Коргоо жана коопсуздук кеңеши Виктор Медведчукка таандык делген "112 Украина", NewsOne, ZIK телеканалдарына беш жылдык санкция киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG