Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

ХАМАС тобу Иерусалимге ракета атты


Ал-Акса мечитинин жанындагы кагылышуу, 10-май 2021-жыл.
Ал-Акса мечитинин жанындагы кагылышуу, 10-май 2021-жыл.

10-майда ХАМАС тобу Израилдин полициясы менен кагылышууларда 300дөй палестиналык жаракат алганына жооп катары Газа тилкесинен Иерусалим тарапка бир нече ракета атты. Израилдин армиясы өлкө аймагына Газа тараптан жети ракета атылганын, алардын бири атып түшүрүлгөнүн билдирди. Бир ракета Израилдин түштүгүндөгү жайкын тургундун автоунаасына тийип, андан бир адам жаракат алганы кабарланды.

Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС буга чейин Израилден Ал-Акса мечитинин жанындагы жана башка аймактардагы аскердик күчтөрүн жергиликтүү убакыт боюнча 18:00гө чейин чыгарып кетүүнү талап кылган. ХАМАСтын басма сөз өкүлү Абу Обейда ракеталар Израилдин Иерусалимдеги "агрессиясы" үчүн учурулганын айтты.

10-майда Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин айлана-тегерегинде Израилдин полициясы менен палестиналык демонстранттар кайрадан кагылышты. Палестинадагы "Кызыл чырым уюму" кагылышуулардан 305 палестиналык жараат алганын билдирди. Израил 21 полиция кызматкери жарадар болгонун кабарлады.

Үч күндөн бери уланып жаткан кагылышууларга палестиналык үй-бүлөлөрдү Чыгыш Иерусалимден көчүрүүгө жол ачкан чечим негиз берди.

Дүйшөмбү күнү Израил Иерусалимдин чыгышына көзөмөлүн орнотконунун 54 жылдыгын белгиледи.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG