Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Түркмөн президенти абактагы миңден ашуун адамга ырайым берди


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Кадыр түнгө байланыштуу камактагы жүздөгөн адамга мунапыс берди. Алардын арасында "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмунун өкүлдөрү да бар.

Бердымухаммедовдун 9-майдагы чечимине ылайык, түрмөдө жаткан 1035 адам эркиндикке чыкты. Алардын 982и түркмөн жарандары жана 53ү чет өлкөлүктөр.

"Жахабанын күбөлөрү" уюмунун басма сөз катчысы Жаррод Лопес "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна билдиргендей, абактан бошотулгандардын арасында уюмдун 16 мүчөсү бар.

Алар диний ишенимине байланыштуу түркмөн армиясында кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн абакка кесилген.

Түркмөнстандын мыйзамдарына ылайык, 18 жаштан 27 жашка чейинки эркек жарандардын баары 2 жыл аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү. Аны аткарбагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Түркмөнстанда бийликти бир колго топтогон Бердымухаммедов адатта мамлекеттик майрамдардын алдында мунапыс жарыялап келет. Бирок президент ырайым кылгандардын арасында саясий туткундар жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG