Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Үч өлкөдөгү элчиликке жана бир шаардагы консулдукка талапкерлер жактырылды


ТИМ имараты.
ТИМ имараты.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 10-майдагы отурумунда Кыргызстандын үч өлкөдөгү элчилигине жана бир шаардагы консулдугуна жетекчилердин талапкерлиги каралып, колдоого алынды.

Таалай Базарбаевдин талапкерлиги Италиядагы элчи, Кыргызстандын БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Римдеги башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү катары колдоо тапты. Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) системасында 2000-жылдан бери иштеп келаткан Базарбаев буга чейин Индия, Бангладеш өлкөлөрүндөгү элчиликтерде, ТИМдин Чыгыш өлкөлөр департаментинде эмгектенген, азыр министрликтин Кадр иштери боюнча департаментин жетектейт.

Талант Султановдун талапкерлиги Түркмөнстандагы элчилик кызматка жактырылды. Ал эмгек жолун ТИМ системасында 2000-жылы баштап, Тажикстандагы, Беларустагы элчиликтерде иштеген. Азыр “Кыргыздипсервис” мамлекеттик ишканасынын башкы директору.

Азамат Карагуловдун талапкерлиги Кувейттеги элчилик кызматка жактырылды. Карагулов ТИМде 1997-жылдан бери эмгектенет, министрликтин бир топ департаментин жетектеген. Азыркы учурда Кувейт өлкөсү боюнча иш алып барган департаменттин директору болуп иштеп жатат.

Лира Сыдыкованын талапкерлиги Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулу кызматына жактырылды. Сыдыкова эмгек жолун Бишкек гуманитардык университетинде, “Манас” университетинде мугалим болуп баштаган, эл аралык уюмдарда иштеген. Азыр "Вега Тур" компаниясынын жетекчиси, Стамбулда иштейт.

Мыйзам боюнча, элчилик кызматка талапкерлер парламенттин колдоосун табышы зарыл.

Кыргызстандын 31 мамлекетте расмий өкүлчүлүктөрү бар.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG