Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:05

Израил полициясы менен палестиналыктар кайрадан кагылышты


Иерусалимдеги кагылышуу, 10-май 2021-жыл.
Иерусалимдеги кагылышуу, 10-май 2021-жыл.

10-майда Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин айлана-тегерегинде Израилдин полициясы менен палестиналык демонстранттар кайрадан кагылышты. Окуяда жарадар болгон кеминде 50 киши ооруканага түшкөнүн палестиналык дарыгерлер билдиришти.

Полиция көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундуруучу гранаталарды колдонгону, демонстранттар тартип коргоо кызматкерлерине таш ыргытканы кабарланды.

Соңку үч күндөгү кагылышууларда жүздөгөн палестиналыктар жана 20дан ашуун израилдик полиция кызматкери жараат алганы белгилүү болууда.

Бул кагылышууларга палестиналык үй-бүлөлөрдү Чыгыш Иерусалимден көчүрүүгө жол ачкан чечим негиз берди. 70тен ашуун адамдын бул чечимге каршы доо арызы дүйшөмбү күнү Жогорку сотто каралышы керек эле. Бирок башаламандыктан улам соттун отуруму кийинкиге жылдырылды.

Полиция Израилдин жарандарын ислам дининде эң ыйык үч жайдын бири катары мүнөздөлгөн Ал-Акса мечитинин аймагына барбай турууга чакырды.

10-майда израилдик улутчул топтор жыл сайын Иерусалим күнүн белгилешет. Бул күнү шаарда 1967-жылы Израил күчтөрүнүн Иерусалимдин чыгышына көзөмөлүн орнотконунун урматына жүрүштөр уюштурулат.

Анын катышуучулары Иерусалимдин байыркы бөлүгүндөгү мусулмандар отурукташкан аймактарды да аралап өтүшөт. Палестиналыктар бул жүрүштөрдү чагым катары мүнөздөп келишет.

Андыктан дүйшөмбү күнү кагылышуулар дагы күчөп кетиши мүмкүн деген тынчсыздануулар бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG