Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:34

Ал-Акса мечитинин жанындагы кагылышуудан жүздөн ашык палестиналык жараат алды


Палестиналыктар менен Израил полициясынын ортосундагы кагылышуу. Иерусалим, 8-май, 2021-жыл.
Палестиналыктар менен Израил полициясынын ортосундагы кагылышуу. Иерусалим, 8-май, 2021-жыл.

Иерусалимде демонстранттар менен Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусунда жүздөгөн палестиналыктар жараат алды.

Акыркы жылдарга салыштырмалуу эң чоң кагылышуу дүйнө жүзүндө Иерусалимдеги абал мындан да оорлошуп кетет деген кооптонууларды жаратты.

Чыңалуу Исламдын үчүнчү ыйык жери болуп саналган Ал-Акса мечитинин айланасында жашаган палестиналыктарды көчүп кетүүгө мажбур кылган жөөттөрдүн аракетинен улам күчөп келет.

Палестинадагы “Кызыл жарым ай” коому 9-майдагы түнкү кагылышууда жүздөн ашуун палестиналык жараат алганын, алардын көбү желим ок жеп, кулак тундуруучу гранаталардан жабыркаганын билдирди.

Израил полициясы 17 кызматкер жараат алганын кабарлады.

Израилдин коопсуздук күчтөрү Ал-Акса мечитине чабуул коюп кирген соң, палестиналыктар аларга каршы таш ыргыта баштаган. Натыйжада жалпысынан 220 киши жараат алган. Алардын көбү палестиналыктар.

Рим папасы Франциск Иерусалимдеги зомбулукту токтотууга чакырды, ал эми бир катар араб мамлекеттери израилдик куралдуу күчтөрдүн аракетин айыптады.

8-майдагы Кадыр түндө Ал-Акса мечитиндеги түнкү намазга болжол менен 90 миң палестиналык кошулганы кабарланууда.

Ал-Акса мечити жайгашкан Чыгыш Иерусалимдин макамы Палестина менен Израилдин ортосундагы талаш-тартышка негиз болуп, буга чейин да бир нече жаңжалга себеп болуп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG