Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

Чехия Евробиримдиктеги өлкөлөрдү бирден орусиялык дипломатты чыгарып салууга чакырды


Врбетицедеги жардыруудан кийин чехиялык пиротехник калдыктарды изилдөөдө. 20-октябрь, 2014-жыл.
Врбетицедеги жардыруудан кийин чехиялык пиротехник калдыктарды изилдөөдө. 20-октябрь, 2014-жыл.

Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн жетекчилерине кайрылып, Врбетице кыштагындагы курал-жарак сактоочу кампалардын жардыруусуна байланыштуу тилектештик көрсөтүп “кеминде бирден орусиялык дипломатты чыгарып салууга” чакырды. Мындай билдирүүнү Бабиш Португалияда Евробиримдиктин президенттери жана өкмөт башчылары чогулган бейрасмий саммиттин учурунда журналисттерге сүйлөп жатып жасады.

“Кайсы бир мүчө-мамлекетке кол салуу болсо, ал Евробиримдиктин баарына кол салуу деп түшүнүшүбүз керек. Мен алардан кеминде бирден дипломатты чыгарып салуу маселесин кароону сурандым”, - деди Бабиш.

Чехиялык премьер-мнистрдин айтымында, Португалияда өтүп жаткан саммиттин алгачкы күнүндө Евробиримдиктин лидерлери Врбетицедеги 2014-жылы болгон жардырууларды талкуулашкан. Бул тема май айынын аягында өтө турган Европа саммитинде да талкууланмакчы.

Чехия менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык чатактын чыгышына Прага 2014-жылы аскердик кампадагы жардырууга элчиликте иштеген орус тыңчыларынын тиешеси бар деген билдирүүсү себеп болду. Мындан соң чех өкмөтү 19-апрелде 18 орусиялык дипломатты өз аймагынан чыгарган. Буга жооп кайтарып, Москва Чехиянын 20 дипломатын “персона нон-грата” деп жарыялап, алардан Орусиядан чыгып кетүүнү талап кылган.

2014-жылы 16-декабрда Чехиянын Врбетице кыштагында 50 тонна ок-дары жарылып, эки адам каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG