Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

"Pussy Riot" тобунун мүчөсү беш күнгө камалды


Вероника Никульшина. 2018-жылы тартылган сүрөт.
Вероника Никульшина. 2018-жылы тартылган сүрөт.

Москва соту 8-майда "Pussy Riot" тобунун мүчөсү, активист Вероника Никульшинаны беш суткага камады. Ага полицияга баш ийген эмес деген айып тагылган. Никульшинаны кармоо протоколунда ал "Жеңиш күнүнө арналган иш-чараны үзгүлтүккө учуратуу максатын көздөгөн" деп жазылган. Активист бул айыпты чекте кагууда.

Никульшинаны 7-майда үйүнүн алдында полиция кызматкерлери күтүп туруп, кармап кеткен. Полиция ал паспортун көрсөтүүдөн баш тарткан деп ырастайт. Активисттин адвокаты "ага документтин алып чыгууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес" деп жатат. Топтун мүчөсү өзүнүн кармалышын даректүү тасма тартууга даярданып жатканы менен байланыштырууда.

"Медиазона" басылмасы Тулада "Pussy Riot" тобунун дагы бир мүчөсү Александр Софеев кармалганын кабарлады. Ал майда бейбаштыкка айыпталып жатат.

Никульшина 2018-жылы футбол чемпионатында Лужники стадионуна полициянын формасын кийип чуркап чыккан "Pussy Riot" тобунун төрт мүчөсүнүн бири. Анда алар бул перформанс менен саясий туткундарды бошотууну талап кылуу максатын көздөгөнүн айтышкан.

Москванын Кызыл аянтында Жеңиш майрамынын 76 жылдыгына арналган аскер парады өттү. Ага орус президенти Владимир Путин жана Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG