Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Адвокат: Жеңиш Молдокматов дагы бир берене боюнча шек саналууда


Жеңиш Молдакматов. ИИМ имаратынын алдында. 8-май. Бишкек.
Жеңиш Молдакматов. ИИМ имаратынын алдында. 8-май. Бишкек.

Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов Жазык кодексинин 264-берене (“Массалык башаламандыктар”) боюнча дагы шек саналууда.

Бул тууралуу 8-майда адвокат Кантемир Турдалиев маалымдады. Анын айтымында, Молдокматовду адегенде бөгөт чарасын кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна алып келишкен. Бирок белгисиз себептерден улам милицияга суракка алып кетишкен.

“Сотко кирердин алдында кайра милицияга чакыртып алышты. Биз эмнеге экенин түшүнгөн жокпуз. Ал жакка баргандан кийин башка берене койгонун түшүндүк. Биринчи берене менен далил жок эле, камай албайт болчу".

Учурда Молдокматовдун бөгөт чарасы каралууда.

Былтыркы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-майда суракка барып, 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Милиция ал Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») менен кылмышка шек саналып жатканын кабарлаган. Жеңиш Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук деп баалаган. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келген.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Митингчилер президент жана парламент отурган имаратты, атайын кызматты, басып алып, абактарда отурган бир катар саясатчыларды бошоткон. Кийин алардын көбү кайра камалып, айрымдары качып кеткен. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG